- -

 Пресс-релиз:«Эне — ааламдын руху»

Пресс-релизы

 Пресс-релиз:«Эне — ааламдын руху»

Бишкекте энелерди даңазалоого арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси 2026-жылдын 20-майында саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан келген көп балалуу энелер, ар улуттун жана ар кыл кесиптин өкүлдөрү: эмгек сиңирген мугалимдер, дарыгерлер, аялдар кыймылынын ардагерлери жана жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээлери катышышты.

Өлкөнүн ар тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон айымдар Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Эл аралык маанидеги «Лидерлик үчүн», «Өрнөктүү эне» жана «Эмгек каармандыгы үчүн» медалдары менен сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында коомду өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон аялдарды сыйлоо аземи өттү. Ошондой эле аялдардын өлкөнүн коомдук, маданий жана социалдык жашоосуна кошкон салымын чагылдырган «Кыргызстандын аялдары» энциклопедиясынын бет ачары болду.

Өзгөчө көңүл Кыргызстан Аялдар Конгрессинин билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүн колдоого бурулду. Аларга ишкердикти өнүктүрүү жана экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу максатында Гранттык негизде (акысыз) тигүү машиналары тапшырылды. Иш-чара энелердин коомдогу ролун бекемдөөгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоого жана аялдардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын таанууга багытталган.

Салтанатта 40 тигүү машинасы төмөнкү адамдарга тапшырылды: Рано Тошкенбаева (Баткен облусу), Миргүл Сейитказиева (Жалал-Абад облусу), Айзада Кенжебаева (Нарын облусу), Асель Бусурманова (Ысык-Көл облусу), ошондой эле И. Раззаков атындагы КМТУ ректору Мирлан Чыныбаевге (Бишкек шаары).

ГРАНТ сертификаттарын Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева жана Кыргызстан Аялдар Конгрессинин окуу-тигүү борборунун төрайымы Гүлбайра Чукушова тапшырышты.

Модераторлор: Замира Шариповна жана Зейнеп Женишбекова.

МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасында эне жогорку мамлекеттик жана коомдук макамга ээ. Жети жана андан көп баланы тарбиялаган аялдарга «Баатыр эне» ардактуу наамы ыйгарылып, «Баатыр эне» ордени тапшырылат. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 42 миңден ашуун аял «Баатыр эне» ордени менен сыйланган, ал эми 32 миңге жакын баатыр энелер мамлекеттик пенсиялык төлөмдөрдү алышат.

Мамлекеттик колдоо системасына төмөнкүлөр кирет:

Ай сайын пенсияга 1 000 сом кошумча төлөм;

Ай сайын 3 000 сом социалдык жөлөк пул;

Акысыз медициналык тейлөө жана дары-дармек;

Коммуналдык кызматтар боюнча жеңилдиктер;

Жер тилкелерин алууда артыкчылык укугу;

Балдардын мамлекеттик окуу жайларда окуусуна 50% арзандатуу.

Кыргызстан Аялдар Конгресси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси 1993-жылдан бери иш алып барат. Бул убакыт аралыгында уюм аялдардын экономикага катышуусун өнүктүрүүгө багытталган 77 долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган.

Конгресстин ишмердүүлүгү аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана аялдардын экономикалык көз карандысыздыгына жардам берүүчү билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган. Аялдар Конгресси өз курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн гранттарды алууда активдүү практикалык жардам көрсөтөт.

Аялдар Конгресси 50 200 адамды бизнес негиздерине окуткан, ал эми 10 700 адам компьютердик сабаттуулук жана тил үйрөтүү программаларынан өткөн. Гранттар сынактык негизде берилет.

Кыргызстан Аялдар Конгресси Бүткүл Кытай аялдар федерациясы менен көп жылдан берки өнөктөштүк мамилеге ээ. Кытай Эл Республикасынын элчилиги менен биргеликте «Билимдүү аял — билимдүү өлкө» долбоорун ишке ашырууда.

Кыргызстан Аялдар Конгресси бардык ШКУ аялдар форумдарынын жана Евразия аялдар форумдарынын катышуучусу болуп саналат, ошондой эле 2-ШКУ Аялдар форумунун демилгечиси жана координатору болуп эсептелет, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү жана бизнес-инкубация боюнча Бүткүл дүйнөлүк аялдар тармагынын лидери.

Энциклопедия жөнүндө

«Кыргызстандын аялдары» энциклопедиясы өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий жана коомдук өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон аялдарга арналган. 9-томго ар кыл тармактардын өкүлү болгон 200 аялдын өмүр баяны киргизилген.

Долбоордун негизги максаты — улуттук тарыхты сактоо, Кыргызстан аялдарынын жетишкендиктерин жайылтуу жана жаш муун үчүн лидерликтин жана коомдук кызматтын үлгүлөрүн түзүү.

Басылма Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү менен ачылат. Китепке ошондой эле Кытай, Россия, Германия, АКШ, Япония, Франция, Индия, БУУ, Иран, Өзбекстан, Улуу Британия, Азербайжан, Түркия, Индонезия, Корея, Түркмөнстан, Казакстан, Швейцария, Пакистан, Катар, Беларусь, Монголия жана Венгриянын дипломаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн куттуктоолору кирген.

Китепке кирген көрүнүктүү инсандар:

Токтогон Алтыбасарова — курчоодогу Ленинграддан эвакуацияланган 150гө жакын жетим баланы багып чоңойткон «Баатыр эне».

Айымбүбү Жамгырова — эмгектин ардагери, «Эмгек каармандыгы үчүн» медалынын ээси, Президенттин кеңешчиси Марат Иманкуловдун апасы.

Асель Байбагышева — альпинист, «Лидерлик үчүн» медалынын ээси.

Бактыгүл Бадыева — бизнес-леди, ырчы, психолог, маданияттын мыктысы.

Мээрим Жуманазарова — Токио Олимпиада оюндарынын коло байгесиний ээси.

Лю Цзяньпин — КНРдин Кыргызстандагы Элчиси.

Кадырова Анара — психолог-консультант, коуч.

Кенжекан Мамырбаева — эмгектин ардактуу ардагери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Алмаз Касымалиевдин апасы.

Гүлшайыр Надырбекова — «MANAS LOGIS» жана «NAG GROUP» компанияларынын негиздөөчүсү, Сеул шаарынын ардактуу жараны.

Анархан Сабирова — эмгектин ардактуу ардагери, Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшанбек Сабировдун апасы.

Базаргүл Самиева — «Baziko» интеллектуалдык фабрикасынын негиздөөчүсү.

Бактыгүл Султангазиева — онколог, Ядролук медицина борборун түзүү долбоорунун жетекчиси.

Амира Таштанбекова — Fashion Consulting Group компаниясынын башкы директору, «OLLIRUA» брендинин негиздөөчүсү.

Twitter facebook

Последние события