ПРЕСС-РЕЛИЗ:«КЫРГЫЗ ЭНЕ» улуттук сынагы өтөт!
Бишкек, 2026-жыл
«Жер Эне» дүйнөлүк аялзаадалр форуму кыргыз энесинин кадыр-баркын даңазалоо, улуттук баалуулуктарды жана салт-санааларды сактоодогу ролун жогорулатуу максатында «Кыргыз эне» аттуу республикалык маданий-тарбиялык сынактын уюштуруу жөнүндө жарыялайт.
СЫНАКТЫН МАКСАТЫ
• Кыргыз энесинин кадыр-баркын көтөрүү
• Улук муундагы аялдардын коомдогу ордун чыңдоо
• Улуттук маданиятты, салт-санааны жана руханий баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу
КАТЫШУУЧУЛАР
Сынакка 45 жаштан жогору аялдар катышат. Талапкерлер улуттук каада-салттарды сыйлаган, коомдо абройго эе, активдүү энелер болушу шарт.
МААНИЛҮҮ ДАТАЛАР
Сынак өткөрүү күнү: 2026-жылдын 22-майы
Жайгашкан жери: Улуттук Манас театры
БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН
Кошумча маалыматтар үчүн «Жер Эне» дүйнөлүк аялзаттар форумуна кайрылыңыз.
«Кыргыз эне» сынагы — бул энелерибиздин акылмандыгын, мээримдүүлүгүн жана улуттук рухту даңазалоо майрамы!
Бул сынак коммерциялык эмес негизде өткөрүлөт.