- -

Пресс-релиз:Бизнес «Салык Сервиске» санариптик кызматтар боюнча ондогон сунуштарды берди

Пресс-релизы

Пресс-релиз:Бизнес «Салык Сервиске» санариптик кызматтар боюнча ондогон сунуштарды берди

       Бүгүн, 24-февралда, “Салык Сервис” бизнес өкүлдөрү жана ишмердүүлүгү салыкка байланышкан коомчук менен ачык жолугушуу өткөрдү. Формат башынан эле көйгөйлүү маселелер боюнча ачык-айкын кеңешүүнү көздөп, салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнү санариптештирүүгө жеке баа берүү мүмкүнчүлүгүн түздү.Катышуучулар ЭСФ модулунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү сунуштап, салык төлөөчүнүн жеке кабинетин жакшыртуу боюнча бир катар кеңештерин айтышты. Бухгалтердик коомчулук анда камсыздандыруу төгүмдөрүн ай сайын салыштырып текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү жана айып пулдардын (туумун) эсептелишин түшүнүктүүрөөк жөндөөнү сунуштады. Бизнес өкүлдөрү жеке кабинетти жеке жактар, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн өз-өзүнчө бөлүү идеясын, ошондой эле бардык сервистерге бирдиктүү кирүү (single sign-on) механизмин ишке ашырууну колдошту.«Салык Сервис» ММнин директору Шамшыбек Качкынбай уулу белгилегендей, жандуу диалог форматы колдонуучулардын чыныгы муктаждыктарын көрүүгө жана буга чейин көңүл сыртында калган айрым жагдайларды аныктоого мүмкүнчүлүк берди.«Бул биринчи кезекте тажрыйба алмашуу болду. Биз пландарыбыз тууралуу ачык айтып бердик жана көптөгөн сунуш-пикирлерди алдык. Айрым жагдайлар биз үчүн маанилүү ачылыш болду. Жолугушуунун жыйынтыгында болжол менен эки баракка жакын суроолорду каттадык. Алардын баары кылдат изилденет», — деп белгиледи ал.Ошондой эле электрондук сервистер жана жасалма интеллектке негизделген Айсалык (AiSalyk) системасынын иши талкууланды. Катышуучулар система тарабынан берилген жоопторду так жана көбүрөөк чыгаруу боюнча суроо-талаптарын билдиришти.Бизнес өкүлдөрү жолугушуунун форматын жана маалымат берүүдөгү өзгөрүүлөрдү оң баалашты. «Салык Сервис» мекемеси диалог учурунда айтылган сунуштар санариптештирүүнү андан ары өркүндөтүүдө эске алынарын белгиледи.

    Пресс-релиз: Бизнес дал Салык Сервису десятки практических рекомендаций по цифровым налоговым сервисам:

          Сегодня, 24 февраля, Салык Сервис провел открытую встречу с представителями бизнеса и профессионального налогового сообщества. Формат изначально предполагал честный разговор о проблемных вопросах, где дали возможность налогоплательщикам лично дать оценку цифровизации налогового администрирования в Кыргызстане.

Участники предложили расширить возможности модуля ЭСФ, дали замечания по улучшению личного кабинета налогоплательщика. Бухгалтерское сообщество предложило внедрить в него помесячную выверку страховых взносов и более понятную детализацию начисления пени. Представители бизнеса поддержали идею его разделения для физических лиц, ИП и юридических лиц, а также реализацию единого входа ко всем сервисам. Как отметил директор ГУ «Салык Сервис» Шамшыбек Качкынбай уулу, формат живого диалога позволил увидеть реальные потребности пользователей и выявить нюансы, которые ранее не находились в фокусе.«Это был прежде всего обмен опытом. Мы открыто рассказали о своих планах и получили большое количество предложений и замечаний. Многие вещи стали для нас важным открытием. По итогам встречи мы зафиксировали порядка двух листов вопросов. Все они будут изучены», - подчеркнул он.Отдельно обсудили электронные сервисы и работу ИИ налогового консультанта Айсалык (AiSalyk). Участники обозначили запрос на более точные и персонализированные ответы системы.Представители бизнеса положительно оценили формат встречи и изменения в системе налогового информирования. В Салык Сервисе отмечают, что озвученные в ходе диалога рекомендации будут учтены при дальнейшей работе над цифровыми решениями.

 

Twitter facebook

Последние события