- -

Пресс-релиз: Кыргызстанская команда заняла 2 место в Международном чемпионате по предпринимательству и финансовой грамотности

Пресс-релизы

 Пресс-релиз:Кыргызстандык команда ишкердик жана каржылык сабаттуулук боюнча Эл аралык чемпионатта экинчи орунду ээледи

2025-жылдын 11–13-август күндөрү Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында жайгашкан «Алабуга» өзгөчө экономикалык зонасында 9–11-класстын окуучуларынын арасында ишкердик жана каржылык сабаттуулук боюнча КМШнын Эл аралык онлайн-чемпионатынын финалы болуп өттү.

Сынакка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия мамлекеттеринен келген мектеп окуучулары катышты. Командалык эсептин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы күмүш медалга (2-орун) ээ болду. Биринчи орунду Өзбекстандын командасы, ал эми үчүнчү орунду Тажикстандын окуучулары жеңип алышты.

Ошол эле учурда, кыргызстандык окуучулар каржылык сабаттуулук боюнча мыкты жыйынтык көрсөтүп, бул номинацияда жеңүүчү дипломуна ээ болушту.

Чемпионаттын уюштуруучулары — Россиянын «Алабуга» өнөр жай-өндүрүштүк түрдөгү өзгөчө экономикалык зонасы ААК жана «Ар достойлуу билим берүү үчүн» фонду, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин билим берүү мекемелери.

Кыргызстандан 11 мектеп окуучусунан турган команда катышып, делегациянын жетекчиси катары Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов чыгып, команданын ийгиликтүү катышуусуна чоң салым кошту.

Бул жетишкендик мектептик ишкердик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана кыргызстандык жаштардын эл аралык деңгээлдеги жогорку потенциалын ырастап турат.

 

Пресс-релиз: Кыргызстанская команда заняла 2 место в Международном чемпионате по предпринимательству и финансовой грамотности

11–13 августа 2025 года в Особой экономической зоне «Алабуга» (Россия, Татарстан) состоялся финал Международного онлайн-чемпионата СНГ по предпринимательству и финансовой грамотности среди учащихся 9–11 классов.

В состязаниях приняли участие школьники из Кыргызстана, Узбекистана, Таджикистана и России. По итогам командного зачёта сборная Кыргызской Республики завоевала серебряные медали (2 место). Победителем стала команда Узбекистана, третье место досталось школьникам Таджикистана.

При этом кыргызстанские школьники показали лучшие результаты в области финансовой грамотности, за что были удостоены диплома победителя в данной номинации.

Организаторы чемпионата – АО «ОЭЗ ППТ «Алабуга» при поддержке Фонда «За достойное образование» (Россия) и образовательных ведомств стран СНГ. Кыргызстан был представлен командой из 11 школьников под руководством вице-президента Кыргызской академии образования Мелисбека Музулманова.

Этот успех стал значимым шагом в развитии школьного предпринимательского образования и подтверждает высокий потенциал молодёжи Кыргызстана на международной арене.

Председатель Президиума Евгений Белов: Фонда "За достойное образование"+7 (927) 249-73-97, evgeniy@ionebelov.ru,Телеграм: @ionebelov

Twitter facebook

Последние события