- -

Пресс-релиз: "2- Улуттук Органикалык Форум – 2013"

Пресс-релизы

2013-жылдын 24-октябры, Бишкек шаары 

Бишкек шаарында 1-ноябрдан тартып 3-ноябрга чейин «Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн жана жашыл экономиканы өнүктүрүү» аттуу Экинчи улуттук органикалык форум өтөт.Форумдун алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн табигый жана органикалык продукциянын салт болуп калган көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт.

Форум эки параллелдүү блоктордон турат:

  1. Көргөзмө-жарманке2013-жылдын 1-ноябрынан тартып 3-ноябрына чейин саат 9:00 дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин биринчи кабатында өткөрүлөт. Бардык каалоочулар үчүн кирүү эркин.

  2. Конференция 2013-жылдын 1- жана 2-ноябрында саат 10:00 дөн саат 16:00гө чейин А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын чоң залында өтөт (иш-чаранынпрограммасы тиркелет).

Форумду ИККО Фондунун филиалынын, Германия эл аралык кызматташтык боюнча коомдун (GIZ) «Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» Программасынын, ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшндин, КристенсенФондунун, Борбордук Азиядагы Тоо Өнөктөштүгүнүн Катчылыгынын, Ага Хан Фондусунун, USAIDжана башка уюмдардын колдоосу астында «Bio-KG» Органикалык кыймыл федерациясы (ОКФ) уюштурууда.

«Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн жана жашыл экономиканы өнүктүрүү» аттуу Экинчи улуттук органикалык форумдун алкагында органикалык кыймылдын колдоочулары фермерлер, жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен өлкөнүн биоартүрдүүлүгүн сактоо максатында өлкөнүн органикалык дыйканчылыкка өтүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кыргыз Республикасынын экс-айыл чарба министри, ал эми азыр «Био-KG» ОКФ Президенти Искендербек Айдаралиевдин сөзү боюнча кескин климаттык өзгөрүүлөрдүн өңүтүндө Кыргызстанда жана Борбордук Азия регионунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн органикалык айыл чарба – бул кайталангыс жаратылышты сактоонун жана калкты таза органикалык азык-түлүк менен камсыз кылуунун натыйжалуу жолу. «Экинчи Улуттук Органикалык Форум – органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселелерин талкуулоо жана дыйкандардын органикалык жер иштетүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча мүдөөлөрүн бийлик деңгээлине жеткирүү мүмкүнчүлүгү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат. Форум региондук кызматташтыкты куруу жана Борбордук Азиянын жана КМШнын бардык кызыкдар өлкөлөрүнүн айыл чарба тармактарынын ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн платформа болуп берет», - деди Искендербек Айдаралиев.

Форумга Органикалык айыл чарба Эл аралык федерациясынын (IFOAM) Президенти Андре Льё катышат, IFOAM жаш Кыргызстандын органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жагындагы бардык башаттарды активдүү колдоп келе жатат. Ошондой эле Монголиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Тажикстандан, Азербайжандан жана Өзбекстандан эксперттер өз тажрыйбасы менен бөлүшөт. 

Форумда ички органикалык рынокту натыйжалуу өнүктүрүү жана атамекендик фермерлерге эл аралык рынокторго чыгууга көмөк көрсөтүү үчүн өндүрүүчүлөр менен органикалык продукцияны керектөөчүлөрдүн ортосунда ишеним системасын куруу маселелери талкууланат.

Сөздү иш менен бекемдөө үчүн органикалык өндүрүүчүлөр органикалык жана табигый продукцияларын Көргөзмө-жарманкеде көрсөтүшөт, бул болсо Кыргызстанда чыгарылган таза жана даамдуу продукциянын өзүнчө бир азык-түлүк майрамы болуп калат. Көргөзмө-жарманкени өткөрүү салт болуп калууда жана экинчи жылы катары менен шаардын тургундары жана коноктор кыйла арзан баада таза тамак-аш продуктуларын кеңири тандап алуу мүмкүнчүлүгү менен кубана алышат.

Көргөзмөдө тамак-аш продуктулары (бал, эт-сүт продукциясы, мөмө-жемиштер, кыргыздардын салттуу көчмөн ашканасынын рецепттери боюнча талкандан жасалган азыктар, унутулган рецепттер боюнча даярдалган улуттук суусундуктар, тоо жемиштеринен жана мөмөлөрдөн кайра иштетилген продукция, оригиналдуу кол өнөрчүлүгүнүн буюмдары, бийик тоолуу Нарын облусунда өстүрүлгөн накта чеснок, топоздун эти жана башка көптөгөн азыктар) коюлат. Белгилүү диетологдор функционалдуу тамак-аш продуктулары болуп саналган дарылык касиетке ээ топинамбур жана өндүрүлгөн буудай боюнча өздөрүнүн иштерин сунуш кылышат. Кѳргѳзмѳдѳ Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан табигый, органикалык продукцияны ѳндүргѳн 50 гө жакын компаниялардын катышуусу күтүлүүдө. Көргөзмө-жарманкеге борбордун тургундары жана коноктору, ошондой эле ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жана даамдуу, таза тамак-ашты жакшы көргөндөрдүн бардыгы чакырылат.

 

Кошумча маалыматты алуу маселелери боюнча төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:

«Bio-KG» Органикалык кыймыл федерациясы

Бишкек, Гражданская көчөсү 43/1

Тел.: (0312) 36-55-65, (0557) 21-03-74

e-mail: agroplatform@gmail.com

http://www.organic.kg

https://www.facebook.com/organic.kg

Twitter facebook

Последние события