Пресс-релиз
Дата: 11 октября 2023 года
Фотовыставка «Чек арада»: простые моменты жизни как способ укрепления ментального здоровья
Бишкек, Кыргызстан - 11 октября 2023 года «Врачи без границ-Швейцария» (MSF) торжественно открыли фотовыставку «Чек арада» в Национальном Историческом Музее. Это мероприятие было посвящено Всемирному Дню Психического Здоровья, которое ежегодно отмечается 10 октября.
Выставка, организованная в сотрудничестве с известной фотографкой Гулизой Урустамбек кызы, позволила гостям окунуться в атмосферу жизни жителей приграничных сел Баткенской области, переживающих радостные и грустные моменты, а также ежедневные ритуалы, помогающие им справляться со сложными ситуациями и эмоциями.
"Каждый раз, когда я работаю над фотопроектом, я стараюсь стать частью местной жизни и понять чувства людей, которых я снимаю," говорит Гулиза Урустамбек кызы. "На этот раз мне особенно грустно от историй, которые я слышала. Однако то, как жители приграничных сел справляются с трудностями, и их сила духа вызывают восхищение. Это то, что вы увидите, посетив нашу фотовыставку."
Цель этой выставки - акцентировать внимание на значимости психического и эмоционального благополучия, взаимоподдержки и содействия внутри сообщества. Поэтому название выставки не только отражает местоположение наших героев в приграничных селах, но и отсылает к социальным и психологическим аспектам, поскольку каждый из нас периодически живет на границе своих психических возможностей.
"Мы сотрудничаем и работаем вместе с местным населением, и каждый день видим огромный и неоценимый вклад каждого сельчанина в психическое и эмоциональное здоровье сообщества в целом," - говорит Штефан Гроссе Рюшкам, страновой директор MSF в Кыргызстане. "Мы можем многому научиться у героинь выставки, их выдержке, силе духа и тому, как они справляются со стрессом. Это еще раз подтверждает, что сообщества уже имеют готовые решения для своих проблем, и нам лишь нужно оказать поддержку."
Гости выставки также имели возможность участвовать в психо-образовательных сессиях, где можно было узнать больше о важности психического благополучия и методах поддержки себя и своих близких. Выставка также порадовала гостей документальным спектаклем от Театра 705 под названием "Биз кайра эле кайтып келебиз". Этот спектакль поделился историями жителей приграничных сел, их опытом и силой, необходимой для преодоления жизненных трудностей.
Выставка "Чек арада" будет открыта для посещения до 15 октября, предоставляя всем желающим возможность погрузиться в мир эмоций и историй жителей Баткенской области.
Пресс-релиз
11-октябрь, 2023-жыл
"Чек Арада" аттуу фотокөргөзмөсү: жашоодогу жөнөкөй көз ирмемдер психикалык ден соолукту чыңдоо жолу катары.
Бишкек, Кыргызстан – 2023-жылдын 11-октябрында Улуттук тарых музейинде «Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария» (MSF) «Чек Арада» аттуу фотокөргөзмөсүн ачты. Бул иш-чара жыл сайын 10-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө арналган.
Белгилүү фотограф Гүлиза Урустамбек кызы менен биргеликте уюштурулган көргөзмө конокторго Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жашоочуларынын күнүмдүк жашоосун, алардын башынан өткөргөн кубанычтуу жана кайгылуу көз ирмемдерин, ошондой эле аларга оор учурларды жана эмоцияларды женге салууга жардам берүүчү күнүмдүк ырым-жырымдарды тартуулады.
«Мен фотографиялык долбоордун үстүндө иштеген сайын жергиликтүү жашоонун бир бөлүгү болууга жана сүрөткө тарткан адамдардын сезимдерин түшүнүүгө аракет кылам», - дейт Гүлиза Урустамбек кызы. «Бул жолу уккан окуялар мени өзгөчө капалантты. Бирок чек арада жайгашкан айылдарынын тургундарынын кыйынчылыктарды кантип жеңип жатканы, алардын кайраттуулугу абдан суктандырат. Мына ушуну биздин фотокөргөзмөбүзгө барганда көрө аласыздар».
Бул фотокөргөзмөнүн негизги максаты - коомчулуктун ичинде психикалык жана эмоционалдык бакубаттуулуктун, өз ара колдоонун жана жардамдын маанилүүлүгүн көрсөтүү. Демек, көргөзмөнүн аталышы биздин каармандарыбыздын чек арага жакын жайгашкандыгын тышкары, социалдык жана психологиялык маселелерге дагы тиешелүү, себеби ар бирибиз мезгил-мезгили менен акыл-эс мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинде жашайбыз.
«Биз жергиликтүү калк менен кызматташып, чогуу иштейбиз жана күн сайын биз ар бир айыл тургунунун жалпы коомчулуктун психикалык жана эмоционалдык ден соолугуна кошкон зор жана баа жеткис салымын көрүп турабыз», - дейт Штефан Гроссе Рюшкамп, Кыргызстандагы MSF өкүлчүлүгүнүн башчысы. "Көргөзмөнүн каармандарынан, алардын туруктуулугунан, өжөрлүгүнөн жана стресс менен күрөшкөндүгүнөн биз көп нерсени үйрөнө алабыз. Бул дагы бир жолу коомчулукта өз көйгөйлөрүн чечүүнүн даяр жолдору бар экенин тастыктайт, биз аларды жөн кана колдоо көрсөтүшүбүз керек».
Фотокөргөзмөнүн коноктору ошондой эле психологиялык окутуу сессияларына катышууга ээ болуп психикалык бакубаттуулуктун маанилүүлүгү жана өзүн жана жакындарын колдоо ыкмалары жөнүндө көбүрөөк маалымат алышты. Мындан тышкары, 705-театрдын «Биз кайра эле кайтып келебиз» аттуу докумендалдуу спектакли келген меймандардга тартууланды. Аталган спектакль чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулардын башынан өткөргөн окуяларды, адамдардын жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн алардын зор эрктин күчүн аныктады.
«Чек Арада» аттуу фотокөргөзмө Улуттук тарых музейинде 15-октябрга чейин көрүүчүлөр үчүн ачык болуп, ар бир адамга Баткен облусунун тургундарынын сезимдер жана окуялар дүйнөсүнө сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берет.