- -

Пресс-релиз

Пресс-конференции АКИpress

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Келдибековго

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевге

Бишкек ш.

10.01.2011ж

 

Кайрылуу

 Кыргызстандын Борбордук АзDSC_0023иядагы ээлеген геосаясий орду, экологиялык мөлтүр таза жүзү дүйнөлүк державалардын (Россия, АКШ, Кытай) түпкүрдөгү кызыкчылыктарын ойготуп, бүйүрүн кызытып өлкөбүз маалымат согуштун майданына айланган учур.

Мындай шартта болуп көрбөгөндөй улуттук биримдикти көрсөтүп, ар кандай сырткы идеологиялык диверсияларга чечкиндүү каршы туруп, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жолдорун ойлонушубуз керек. Дайыма эле сырттан таңууланган сунуштар биздин улуттук кызыкчылыкка төп келе бербестигин да унутпасак.

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинен бери өлкөбүздө бир топ өзгөрүүлөр болуп өттү. Мунун ичинде Кыргыз Республикасынын келечегине, мамлекеттүүлүктү бекемдөө маселесине карата өтө чоң зыян-кесепетин тийгизе турган УТРКны коомдук телерадиого айландыруу идеясы сырткы күчтөрдүн таасири менен иш жүзүнө аша баштады.

Анан да Байкоочулар Кеңешинин арасында калкка кадыры сиңген, татыктуу, телерадионун ишин ичинен билген адискөй, калыс адамдардын азчылыкты түзүп калгандыгынын себеби Кыргызстандын убактылуу өкмөтү тарабынан бекитилген 30.04.2010ж №28 КРнын коомдук телерадиокорпорациясы жөнүндө Жобонун 11,12,13,14 беренелери тандоо учурунда так сакталбагандыктан улам да болду.

Бул олуттуу ишке кош көңүл мамиледен улам өкмөттүк эмес уюмдарда көбүн эсе чогуу иштешкен, корпоративдик кызыкчылыктары төп келген адамдар Байкоочулар Кеңешинин курамына кирип калгандыктан кол ийрисине тартат болуп, кечээки Бакиевдин иделогдорунун бири И.Карыпбековду көпчүлүк добуш менен коомдук 1-каналдын Башкы директорлугуна шайлаганда коомчулук катуу каршы чыгып ал чечим жокко чыгарылган эле.

Жакында Байкоочулар Кеңеши Башкы директордун орун басарлары жөнүндөгү маселени карап, радио тармагы боюнча эч кандай жетекчилик тажырыйбасы жок Асанбек уулу Русландын талапкерлигин колдошуп өздөрүнүн компетентсиз экендигин дагы бир жолу далилдеди.

Андыктан, Сиздерден төмөнкүлөрдү суранабыз:

1)КТРКнын Байкоочулар Кеңешинин курамын элдин, бийликтин жана эмгек жамаатынын алдында ишенимди актабагандыгы үчүн таратууну;

2)Жаңы Байкоочулар Кеңешинин курамын тандоону бийлик бутактары жаңылангандыгына байланыштуу кайрадан ачык, калыс жүргүзүүнү,

3)Мамлекеттүүлүктү сактап турган негизги түркүктүн бири КТРКны Улуттук бойдон калтырууну талап кылабыз.

4)Кадыр Кошалиевди КТРКнын Баш директорунун орун басары катары ордунда калтырылсын.

КТРКнын имаратынын алдында 50-дон ашык адам катышкан пикетте кабыл алынган.

DSC_0060

 

DSC_0159

 

Twitter facebook

Последние события