Пресс-релиз: Аялдардын ден соолугу: MSF Кыргызстан жатын моюнчасынын рагы боюнча негизги скрининг боюнча окутуу үчүн медициналык өнүмдөрдү жана ресурстарды тартуулайт.
Бишкек, 30-сентябрь, 2024-жыл - Кыргызстандагы Чек арасыз дарыгерлер уюму (MSF) С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтуна өтө маанилүү медициналык өнүмдөрдү тапшырганын кубануу менен билдирет. Гинекологиялык отургучтар, уюлдук телефондор, окуу манекендери жана башка керектүү медициналык керектелүүчү материалдар институтка жатын моюнчасынын жана эмчек рагын скрининг боюнча натыйжалуу окутууну улантууга жардам берет. Бул оорулардын эрте диагностикасын жана алдын алууну жеңилдетүү медициналык кызматкерлердин, өзгөчө медайымдардын алдында турат.
Сесил Джойс, MSFтин Чүй облусундагы Аялдардын ден соолугу боюнча Долбоорунун медициналык координатору, мындай деп баса белгиледи: "Биздин максатыбыз Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна жатын моюнчасынын жана эмчек рагын эрте аныктоого багытталган эффективдүү медайымдык билим берүү программасын түзүүгө жана колдоого алуу. Алдын алуу - бул Өмүрдү сактап калуунун ачкычы жана биз жер-жерлерде өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу менен аялдардын скринингге жетүүсүн жакшыртабыз деп ишенебиз».
Уюлдук телефондор аралыктан тар адистерден консультацияларды өткөрүүгө жана сунуштарды алууга мүмкүндүк берет, бул медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн андан ары жакшыртат. Бул колдоо менен институт жакшы жабдылып, медициналык кызматкерлерди тез даярдай алат, бул өз кезегинде саламаттыкты сактоонун натыйжалуу жана профилактикалык системасына өбөлгө түзөт.
Рустам Курманов, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору: "Биз Кыргызстандагы MSFге мындай маанилүү колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Гинекологиялык отургучтар жана башка буюмдар биздин окуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана биз көрсөткөн жардамдын сапатын бир топ жакшыртат.
2022-жылдан бери Кыргызстандагы “Чек арасыз дарыгерлер” уюму Сокулук районунда аялдардын саламаттыгы боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырып, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Сокулук райондук ооруканасында эмчек жана жатын моюнчасынын рагын аныктоочу борбор ачкан.
Raushan Kerimalieva| Communications and External Relations Manager
Médecins Sans Frontières | Operational Center of Geneva (OCG) | MSFCH - Kyrgyzstan
142/2 & 4, Gorkiy st, Bishkek Mobile: +996 557 221 228
Email / Skype msfch-kyrgyzstan-homsupport@geneva.msf.org
Don't print if you don't need
Пресс-релиз: Женское здоровье: MSF Кыргызстан передает медицинские изделия и ресурсы для обучения базовому скринингу на рак шейки матки.
Бишкек, 30 сентября 2024 г. - "Врачи без границ" (MSF) в Кыргызстане рады сообщить о передаче необходимых медицинских изделий Кыргызскому государственному медицинскому институту переподготовки и повышения квалификации имени С.Б. Даниярова. Гинекологические кресла, мобильные телефоны, тренировочные манекены и другие необходимые медицинские расходные материалы помогут институту продолжить эффективное обучение скринингу на рак шейки матки и рак молочной железы. Задача состоит в том, чтобы медицинские работники, в особенности медицинские сестра, могли способствовать ранней диагностике и профилактике этих заболеваний.
Сесиль Джойс, медицинский координатор проекта MSF «Здоровье женщин в Чуйской области», подчеркнула: «Наша цель - дать возможность Кыргызскому государственному медицинскому институту создать и поддерживать эффективную программу обучения медсестер, уделяя особое внимание раннему выявлению рака шейки матки и рака груди. Профилактика — это ключ к спасению жизни, и мы верим, что, укрепляя потенциал на партнеров на местах, мы сможем улучшить доступ к скринингу для женщин».
Мобильные телефоны позволят проводить консультации и получать рекомендации узких специалистов дистанционно, что еще больше повысит качество и доступность медицинской помощи. Благодаря этой поддержке институт будет лучше оснащен и сможет оперативно обучать медицинских работников, что в свою очередь, будет способствовать созданию более эффективной и профилактической системы здравоохранения.
Рустам Курманов, ректор Кыргызского государственного медицинского института, отметил: "Мы глубоко признательны за столь важное содействие со стороны MSF Кыргызстан. Гинекологические кресла и другие изделия значительно улучшат наши учебные возможности и качество оказываемой помощи".
С 2022 года "Врачи без границ" в Кыргызстане (MSF) реализуют в Сокулукском районе пилотный проект по охране здоровья женщин и открыли центр скрининга рака груди и шейки матки в Сокулукской районной больнице в сотрудничестве с Министерством здравоохранения.
Raushan Kerimalieva| Communications and External Relations Manager
Médecins Sans Frontières | Operational Center of Geneva (OCG) | MSFCH - Kyrgyzstan
142/2 & 4, Gorkiy st, Bishkek Mobile: +996 557 221 228
Email / Skype msfch-kyrgyzstan-homsupport@geneva.msf.org