- -

Пост-релиз: “Ооба! Кургак учукту жеңе алабыз”

Пресс-релизы

Пост-релиз: “Ооба! Кургак учукту жеңе алабыз”

   2024-жылдын 29-марты. Бишкек. Жыл сайын 24-мартта Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип келет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2022-жылы кургак учук жалпысынан 1,3 миллион адамдын өмүрүн алып кетти (анын ичинде ВИЧ менен жашаган 167 000 адам бар).

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу түрдө азайып баратканы байкалууда. Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматы боюнча, 2019-жылы 100 миң адамга 78 учур туура келсе, 2023-жылы 59,8 гана учур катталган.

Кургак учук жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, коомдук саламаттыкты сактоонун глобалдык көйгөйлөрүнүн бири бойдон кала берүүдө. Бирок, ооруну аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун заманбап ыкмаларынын жардамы менен кургак учукту жеңүү барган сайын реалдуу болуп баратат.

Алсак, СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонд каржылаган БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоорунун колдоосу менен Кыргызстанда 2022-жылы кургак учуктун көп дарыга туруктуу түрү менен ооруган 2081 адам дарылоодон өткөн. Ал эми 2010-жылы мындай өзгөчө дарылоону 125 адам гана алчу. 2019-жылы кургак учуктун мындай түрлөрүн дарылоонун ийгилиги 71 пайызды түздү. Эгерде салыштыруу үчүн айтсак, 2009-жылы бул көрсөткүч 42% болгон.

Адамдар дарыланууну күтүп отуруп, көп дарыга туруктуу кургак учуктан көз жумбай калышты, себеби БУУӨП кургак учукту аныктап, дарылоо үчүн эң заманбап дары-дармектерди жана жабдууларды берүүдө.

Март айынын ичинде кургак учукка байланыштуу көйгөйлөрдү күн тартибине алып чыгуу максатында өлкөдө ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Public Talk ушундай иш-чаралардын бири болуп калды, ага жарандык активисттер жана алдыңкы медициналык адистер катышып, бул илдетке каршы күрөшкө байланышкан окуялары менен бөлүшүштү.

ЖМК үчүн байланыш жолдору:

Бактыгүл Алмерекова, БУУӨПтүн кургак учук боюнча программалык адиси

baktygul.almerekova@undp.org

Twitter facebook

Последние события