- -

Пресс-релиз: «Врачи без границ» провели семинар для медицинских работников «Сообщение диагноза пациенту с онкологическим заболеванием»

Пресс-релизы

          «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык кызматкерлер үчүн “Онкологиялык оорусу бар бейтапка диагнозун угузуу” темасында семинар өткөрүштү.

Онкологиялык оору бар экендиги туурасындагы маалымат бейтаптарда жана алардын жакындарында коркунуч жаратып, абдыраган абалга алып келет. Ошондуктан, буга окшогон маалыматты өтө аярлык менен, камкордук менен угузуу абдан маанилүү. Бейтап менен болгон бул татаал сүйлөшүүнү канткенде туура уюштуруу, кайсы принциптерди жана эрежелерди кармануу жана кантип моралдык колдоо керек экени туурасында «Онкологиялык оорусу бар бейтапка диагнозун угузуу» темасындагы семинарда талкуулашты. Аталган семинар 30 медициналык кызматкерлердин катышуусунда 31 мартта Бишкек шаарында болуп өттү. Алардын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгелери: гинекология, психология жана онкология тармактардын адистери чогулуп керектуу маалымат алып, ой пикирлерин айтып, атайын техникаларды уйронуп, активдуу дискуссияга катышышты.

«Бейтап менен ушул темада болгон өзүмдүн биринчи сүйлөшүүм эсимде. Бул абдан чоң эмоционалдык милдет жана жоопкерчилик эле. Мен көпкө керектүү сөз тандай албай жаттым, натыйжада, бейтап айттырбастан эле баарын өзү түшүндү», - дейт Мавлянова Чолпон, семинар өтүп жаткан онколог дарыгери.

Иш чараны «Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) эл аралык гуманитардык медициналык уюмунун менталдык ден соолук боюнча эксперти, Алиша Шаил айым өткөрдү. «Мындай учурларда дарыгерлер өздөрүнүн да, бейтаптарынын да эмоцияларына дуушар болушат. Бейтаптар ыйлап, шок абалга түшүп калышы мүмкүн, же агрессия да көргөзүшү толук ыктымал. Ошондуктан, атайын даярдыгы жок, окубай туруп эң боорукер дарыгер да буга туруштук бериши кыйын. Бул семинар мындай татаал сүйлөшүүнү атайын техникалардын жардамы менен канткенде жеңилдетүүгө боло турганын көргөзүүгө багытталган. Башкысы, дарыгерлер аны өздөрү контролдой алуусу шарт», - деп түшүндүрдү Шаил.

Андан тышкары, туура уюштурулган сүйлөшүү, бейтаптардын эмоциясын нормалдаштыруу жана кабыл алуу, өз ара туура түзүлгөн алака бейтаптын жана ажкындарынын ишеним көргөзүүсүнө алып келет, демек, жалпы эле дарылоо процессинде натыйжаларды жакшыртууга жана бардык дарылоо процедураларын өз убагында, жоопкерчиликтүү аткарууга өбөлгө түзөт.

«Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) – табигый кырсыктарда, эпидемияларда жана куралдуу кагылышууларда медициналык жардам көрсөтүүчү көз карандысыз гуманитардык уюм. 50 жылдан ашуун убакыт мурун түзүлгөн күндөн баштап биздин максатыбыз - адамдардын азап чегүүсүн, кайгысын жеңилдетүү жана ден соолугу жактан өтө муктаж болгондорго медициналык жардам көргөзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө 60,000ден ашуун кызматкерлер - негизинен дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери - дүйнө жүзү боюнча 70тен ашык өлкөдө адамдарга жардам көрсөтүүдө. MSF саясий уюмдардан эмес, дүйнө жүзү боюнча 6,5 миллион жеке донорлордон каражат алат. 1999-жылы MSF дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алган.

 

   Пресс-релиз: «Врачи без границ» провели семинар для медицинских работников «Сообщение диагноза пациенту с онкологическим заболеванием»

Почти всегда новости об онкологическом диагнозе вызывают страх и растерянность у пациентов и их родных, поэтому очень важно преподносить подобную информацию максимально бережно и участливо. О том как лучше строить сложный разговор с пациентом, каких принципов и правил важно придерживаться и как оказать поддержку обсудили на семинаре «Сообщение диагноза пациенту с онкологическим заболеванием», который состоялся 31 марта в Бишкеке. В работе семинара приняли участие 30 врачей, в числе которых были онкологи, гинекологи, а также психологи.

«Я помню свой первый подобный разговор с пациентом. Это была огромная эмоциональная нагрузка и ответственность. Я долго не могла подобрать слов и, в итоге, пациент обо всем догадался сам», - поделилась Мавлянова Чолпон, врач-онколог, прошедшая семинар.

Мероприятие провела эксперт по ментальному здоровью Международной гуманитарной медицинской организации «Врачи без границ» (MSF), г-жа Алиша Шаил. «В такие моменты врачи сталкиваются как со своими эмоциями, так и с эмоциями своих пациентов. Пациенты могут расплакаться, впасть в шоковое состояние или даже проявить агрессию. Поэтому без определенной подготовки и обучения даже самому чуткому врачу сложно справиться с этим. Этот семинар нацелен на то, чтобы показать на примерах как можно облегчить сложный разговор с помощью определенных техник и сделать его более контролируемым для врачей», - объяснила Шаил.

Более того, правильно выстроенный разговор, нормализация и принятие эмоций пациентов, установленный контакт помогают заручиться доверием самого пациента и его близких, а значит способствуют своевременному и ответственному исполнению всех лечебных процедур и улучшению результатов лечения в целом.

«Врачи без границ» (MSF) - это независимая гуманитарная организация, оказывающая медицинскую помощь при стихийных бедствиях, эпидемиях и вооруженных конфликтах. С момента создания более 50 лет назад наша цель заключалась в облегчении страданий людей и оказании медицинской помощи тем, кто в ней больше всего нуждается. Сегодня более 60 000 сотрудников - в основном врачей и работников сектора здравоохранения - оказывают помощь людям в более чем 70 странах мира. MSF получает средства от 6,5 миллионов частных доноров по всему миру, а не от политических организаций. В 1999 году MSF получила Нобелевскую премию мира.

 

            

Twitter facebook

Последние события