- -

Пресс-релиз: "Ассоциация рынков, предприятий и сферы услуг Кыргызстана рекомендует торговым точкам избегать нарушений в связи с изменившимися правилами продаж сигарет в стране"

Пресс-релизы

С 1 января Правительство обязало заменить текстовые предупреждения о возможных последствиях курения на полноцветные рисунки. В связи с чем в продажу уже поступили пачки сигарет с новым оформлением.

Сергей Пономарев, Президент Ассоциации, дает разъяснение: «Это не значит, что во всех магазинах появятся пачки нового образца, а старые одновременно исчезнут. Их из продажи никто не изымает, магазинам разрешили полностью реализовать остатки. Первое время, вероятно, сигареты будут продаваться в том числе в ранее отпечатанных упаковках. А вот когда эти запасы иссякнут, на прилавках будут исключительно сигаретные пачки с картинками».

Напомним, что с 1 января 2016г. вступило в силу Постановление Правительства КР № 719 «Об утверждении перечня иллюстрированных медицинских предупреждений о вреде табака, предназначенных для размещения на пачках и упаковках табачных изделий».

Утверждено 12 иллюстрированных медицинских предупреждений, которые должны быть нанесены на все без исключения пачки сигарет, поступающие в продажу на территории Кыргызстана и занимают 40% каждой большой стороны пачки.

По закону табачные изделия без предупредительных картинок, поступившие на рынок КР до 1 января 2016 года могут находиться там до их полной реализации. А значит магазинам нечего боятся, они смогут полностью распродать сигареты в старой упаковке без убытка.

В случае неправомерных действий проверяющих органов по изъятию продукции в старой упаковке Ассоциация рекомендует торговым точкам ссылаться на Постановление 719 с внесенными изменениями от 27 октября 2015 года № 732 (прилагаем), а также обращаться за поддержкой и защитой в Ассоциацию рынков, предприятий торговли и сферы услуг Кыргызстана.

Отметим, что Ассоциация успешно защищает права предприятий торговли Кыргызстана на протяжении 10 лет, в том числе оказывает правовую поддержку участникам рынка.

Обращайтесь к нам по телефонам 0 (312) 90 20 15 и 0 (772) 515 494.E-mail: asrtu@mail.ru.

26.01.2016

Кыргызстандын рыноктор, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү ассоциациясы өлкөдө сигареттерди сатуунун эрежелери өзгөргөндүгүнө байланыштуу соода түйүндөрүн бузууларды болтурбоону сунуш кылат

Өкмөт 1-январдан тартып тамеки тартуунун мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө тексттик эскертүүлөрдү түстүү сүрөттөр менен алмаштырууну милдеттендирди. Ушуга байланыштуу сатууга сигареттердин жаңы таризделген таңгактары келип түштү.

Ассоциациянын президенти Сергей Пономарев түшүндүрмө берди:

«Бардык дүкөндөрдө жаңы үлгүдөгү пачка пайда болуп, ошол эле маалда эскилери алып салынат дегенди билдирбейт. Аларды дүкөндөн эч ким алып койбойт, дүкөндөргө алардын калдыктарын толугу менен сатып түгөтүүгө уруксат берилди. Алгачкы мезгилде мурда чапталган таңгактардагы сигареттерда сатылышы мүмкүн. Ал эми алардын кору бүткөндө, сатыкта сүрөттөрү бар сигареттердин пачкалары гана калат.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №719 “Пачкаларда жана тамеки буюмдарынын таңгактарында жайгаштыруу үчүн арналган тамекинин зыяны жөнүндө сүрөтү бар медициналык эскертүүлөрдүн тизмесин бекитүү тууралуу” токтому күчүнө кирди.

12 сүрөт түшүрүлгөн медициналык эскертүү бекитилди, алар Кыргызстандын аймагына сатууга келип түшкөн сигареттердин бардык пачкаларына түшүрүлгөн жана пачкалардын ар бир чоң тарабынын 40%ын ээлейт.

Мыйзам боюнча 2016-жылдын 1-январына чейин Кыргызстандын рыногуна келип түшкөн эскертүү сүрөтү жок тамеки буюмдары алар толук сатылып бүткөнчө сатыкта болот. Андыктан дүкөндөр коркпостон, эски таңгактагы сигареттерди чыгым болбостон толугу менен сата алышат.

Эски таңгактагы продукцияны алып коюу боюнча текшерүү органдарынын укукка каршы аракеттери болгон учурда Ассоциация соода-сатык түйүндөрүнө №719 токтомго өзгөртүүлөр менен 2015-жылдын 27-октябрдагы №732 (тиркелет) токтомго шилтеме кылууну, ошондой эле колдоо жана коргоо алуу үчүн Кыргызстандын рыноктор, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү ассоциациясына кайрылуунусунуштайт.

Ассоциация Кыргызстандын соода-сатык ишканаларынын укуктарын 10 жылдан бери ийгиликтүү коргоп келет, ошондой эле рыноктун катышуучуларына укуктук колдоо көрсөтүп келет. Бизге 90 20 15 жана +996 77 25 15 494 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

E-mail: asrtu@mail.ru

Twitter facebook

Последние события